Замандаштар!
Кээ бирөөлөр ансыз да күнү-түнү кажыбас мээнет кылып жаткан урматтуу дарыгерлерди курулай эле айыптап жатышат (маселен, бейтапты жандандыруу жагына кабыл албады деп).
Кайсы бир оорукананын реанимация бөлүмүндө, маселен, 3 кишилик орун болсо, 12 киши жатса, алардын үстүнө башка киши кабыл алынбайт да...
Жазмыш...
Италияда да (ал бизден бир нече эсе мыкты өнүккөн өлкө) быйыл жазында ооруканаларга кишилер батпай калган учурлар абдан көп болду. Италиядагы кээ бир шаарларда оорукананын сыртында эле боо түшүп каза болушту...
Ошол мезгил бизге азыр келди. Өкүнүчтүү...
Эң башкысы -- азыр оорубаганга аракет кылгыла, ооруга түрткү болчу кадамга барбагыла;
өзүңөр оорубай туруп, бирок оорунун чаңын башка жакыныңарга кайдыгерлик менен жугузуп албашыңыздар керек.
Жакыны же өзү ооруп жаткан чакта да, анысына карабай таажияга, кечеге же башка жыйындарга тобокелге салып катышуу - өтө жоопкерсиз мамилеге тете, деп көп жамааттарга улам-улам айтып жатабыз.
Сак бололу, этият бололу.
Оорубайлы. Оорутпайлы.
Эстүү бололу.
Ынтымакта бул илдетти жеңели.
Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук ишмер