Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы кырдаалдан улам жардам берүүгө ниеттенгенин билдирди. Соцтармактагы баракчасына жазганына караганда, ал жалпысынан 5 миллион сом бөлөт.
Анын 3 миллион сому Саламаттык сактоо министрлигине, дарыгерлердин эмгек акысы үчүн которулат. Ал эми 2 миллион сом Кыргызстандагы 2 миң пенсионерге тийиштүү дары-дармек алууга ар бирине 1000 сомдон таратылат.