Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, аталган жаран илдетти жакындарына да жуктурган.
«Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып, аларга да жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, — дейт Нурдинов.
7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Ошондой эле илдеттен 33 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.
Булак: Элгезит