Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин негизинде сот процесси болду. Процесс ачык өттү.
ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу күбө катары сурак берди.
Ал модернизацияга алынган 386 млн. доллар абдан жогорулатылганын жана ал сумма кайдан пайда болгондугу белгисиз экенин билдирди.
Ал белгилегендей, долбоордук -сметалык документ түзүлбөгөндүктөн анын так баасын чыгаруу мүмкүн болбой калган.
"Сөзсүз эле кымбат баалуу жабдыктарды алуу шарт эмес болчу. Арзан да, сапаттуу да жабдыктарды табууга болмок", - деди ал.