Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

 

Түркияда каза тапкан кыргызстандык Муктарбек Иманалиевдин сөөгү мекенине бүгүн, 12-июлда жеткирилет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоков маркумдун туугандары жана жубайы менен жолугушкан. Аларга башкы консулдук кылмыш ишин көзөмөлүнө алаарын айткан. Ошондой эле бардык тийиштүү кеңеш берген. 

 

Консулдук сапардын алкагында Эркин Сопоев Аланьянын прокурору Ясин Эмре менен жолугат жана болуп өткөн окуя боюнча калыс кароону өтүнөт. Кыргызстанга жүк-200дү жеткирүү боюнча бардык маселелер чечилди. 12-июлда жеткирүүнү маркумдун жакындары чечишкен. 

 

Эске салсак, 23 жаштагы кыргызстандык уруша кеткен бейтааныш бирөө ок чыгарган.