Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу аймагында 16 жаштагы кыз кырсыкка учурады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 23-июнда милиция кызматына Арашан дарыясына 16 жаштагы кыз кулап каза тапканы тууралуу кабар келген. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мектептердин биринин 9-классынын окуучулары ата-энелери жана класс жетекчилери менен эс алууга келгенин билишкен. Эс алуу учурунда кечки саат 7лер чамасында эки кыз дарыянын боюнда сүрөткө түшүшмөк болушат. Алардын бири 16 жаштагы И.Д. тайгаланып кетип дарыяга кулаган. 

 

ӨКМнын куткаруучулары кыздын сөөгүн табышты.