Печать
Категория: Коом
Просмотров: 357

 

Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылууда. 

 

Процесстин жүрүшүндө, коррупция каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаиловдон сотко УКМКнын абагында орун калбай калганы тууралуу кат келгени белгилүү болду. 

 

Бирок, судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды УКМКнын абагынан башка абакка которууга макул болгон жок. 

 

Эске салсак, мурдагы мэрлер коррупция беренеси боюнча айыпталышууда.