Өкмөт башчы Абылгазиев 2-майга чейин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназардын кайда иштээрин билген эмес. Ал бул тууралуу депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди. 

 

Ал чын айтып жатканын "детектор лжиден" өтүп, же Кудай алдында карганып далилдеп берүүгө даярдыгын белгиледи. 

 

"Иманкадыр Рысалиевдин жоругун да билбептирмин. Ал өкмөт аппаратынын жетекчисинин кабинетине киргени үчүн жетекчи кызматтан алынды. Туугандардын кызматка орношушуна менин эч кандай катыштыгым жок", - деди Абылгазиев. 

 

Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болууда.