Депутат Жанар Акаев депутаттык комиссиянын жыйынында аткаминерлердин ыраазычылыгын депутаттарга жеткирди.
Айтымында, ал өкмөттүн бир катар өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Алар бир ооздон "Бизди Иманкадыр Рысалиевдин телефон чалуусунан кутулттуңар. Аныңарга рахмат", - дешип ыраазы болушууда.
"Азыр баары эле болуп өткөн окуяга Мегакомдун жетекчиси Акылбек Жамангуловду күнөөлүү кылып коюуну көздөп жатышат. Бирок, биз ага жол бербешибиз керек. Өкмөт менен Рысалиев эмес, Жамангулов күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. Көйгөйдү эл алдына алып чыга алгандарды сыйлашыбыз керек. Өкмөт башчыга капачылык жок, бирок ага жагынууга да аракеттенбейли", - деди депутат.