Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

 

“Келме кезек, терме тезек”,- демекчи, эски бийликтин, экс-президент А. Атамбаевдин доорунда Ак үйдөгү далай хансарай оюндарынын уюштуруучусу болгон, кыргыз элине көп кыянатчылык иштерди жасаган Фарид малай Ниязов да сот жообуна тартылып, темир тордун ары жагына отуруп калышы мүмкүн болуп жатат. Анткени ага каршы милицияга 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында денесине ок тийген “Апрель баатыры” Максат Чегирткеев арыз жазган. Доочунун пикиринде, ошол учурдагы президенттик аппараттын башчысы Ф.Ниязов дарылануу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акчаны кыскартып, чет өлкөгө эмес, Ысык-Көлгө жөнөтүп жиберген экен.

 

Бирок, Ф.Ниязов өзүнө коюлган айыптарды азыркы бийликтин саясый буюртмасы деп атады. Анын айтымында, убагында Мамлекеттик комиссиянын Чегирткеевди дарылатууга 4 миллион сом бөлүү чечимин баары эле колдой берген эмес: “Мамлекеттик комиссия керек болсо, Максаттын өмүрүн сактап  калган. Азыр тактап көрсөм, комиссия Максаттын Кытайда дарылануусуна 4 миллион сомго жакын акча бөлүп бериптир. Биз өз максатыбызга жеттик, ал айыкты, бутуна турду, келди, бул жактан үй-бүлө күттү, жадагалса иштеп жатат. Ага келтирилген кайсы зыян жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Азыр эстеп көрсөм, бизге ошондо башка адамдар “мынча акчаны бөлүп берип эмне кыласыңар, ал бала баары бир өлөт, дарылаткандан пайда чыкпайт” дешкен. “Операция ийгиликсиз өтсө, мамлекеттик комиссияны 4 миллион сомду бекер коротту деп күнөөлөп чыккандар болот” деп эскертишкен. Бирок, биз эч нерсеге карабай, акча бөлгөнбүз. Бактыга жараша, баары жакшы бүттү. Операция Кытайда ийгиликтүү жасалды, ал айыкты. Толугу менен айыкты деп айтууга болбойт, бирок ал жашап, иштеп жатат, үй-бүлөсү бар.

 

Эгер бул  бийликтин буюртмасы болсо, анда Ф. Ниязов өзү ошол бийликте отурган жылдары бир гана М.Чегирткеевке эмес, далай күнөөсүз адамдарга, оппозицияга жасаган кыянатчылык иштерин эстеп койсо жакшы болмок...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити