Жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн тез жардам унаасынын айдоочуларына да айыппул бара баштады. Учурда тез жардам унааларына беш айыппул жазылган.

 

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, алар техпаспорттун көчүрмөсү менен автоунааларга толук тизме түзүшүүдө. Саламаттыкты сактоо башкармалыгына айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле тийиштүу органдарга бул атайын транспорт болгондуктан мындай жол эрежесин бузууларды каттоого албай тургандай кылып кат жөнөтүлдү. Тез жардам унаасынын айдоочулары мигалканы жандырбай эле токтотуучу линияларды кесип өтүүгө, жол кыймылынын эрежесин бузууга акылуу. Бирок, айдоочулар өз укуктарын ашыра пайдаланбашы керек.