2019-жылдын 17-мартында Ош шаарынын ЖЭБт мэриянын жарлыгы менен жылытуу сезонун аяктады. Бул тууралуу “Электрдик станциялар” ААКсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош ЖЭБи чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи жылуулук электрстанция болуп саналат.
Ош ЖЭБине 319 көп кабаттуу үйлөр жана 232 турак-жайлар, 88 бюджеттик уюмдар, 5 өндүрүш жана 298 дагы башка мекемелер жалгаштырылган.
Ал эми Бишкекте Кыргызгидрометтин маалыматы күтүлүүдө, ага жараша мэрия бүгүн болсо да жылуулукту өчүрүүгө даяр.