Жети-Өгүз районунда бир жарым жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө амалдары улантылду. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, баланын өлүмүнө шектүү аял учурда абакта кармалууда, ал эми анын балдары атасы менен чогуу.

 Тергөөдө жаңы жагдайлар жаралган. Ошондуктан комиссиялык соттук-медициналык экспертиза белгиленген. Иликтөө иштери 21-мартка чейин соңуна чыгышы керек.

 

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында аталган райондо бир жарым жаштагы бала ур-токмоктон каза тапкан. Анын 21 жаштагы апасы уулун агасы менен жеңесине таштап, Россияга иштөө үчүн кеткени белгилүү болгон.