УКМКнын билдиргенине караганда, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин айыккыс дартка чалдыкканын аныктаган дарыгерлерге карата ачылган кылмыш иши токтотулду. 

 

УКМК иликтөөлөрдү улантуу үчүн ушуну менен экинчи жолу Россияга тийиштүү маалыматтарды сурап, сурамжылоо жиберген. Бирок, жооп келбеди. 

 

Биринчи жолу мындй сурамжылоо 2014-жылы жөнөтүлгөн, экинчи жолу 2018-жылы. 

 

Азиз Батукаев Кыргызстандагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатканда дарыгерлердин айыккыс дартка чалдыкканын аныктаган диагнозунан улам 2013-жылы бошотулган. Дарыгерлер анын эки жумалык гана өмүрү калганын айтышкан. Бирок, абактан чыгып, жеке учак менен Чеченстанга учуп келген "мыйзамдагы ууру" ушул күнгө чейин тирүү. Анын калп себептер менен бошотулушуна айыптуулардын арасынан ал кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун гана кызматын тапшыруу менен жазаланган.