Банк кызматтарына эл алданган учурлар көп. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев билдирди.
Айтымында, айрыкча айыл жергесиндеги кардарлар банк кызматтарына алданып калган учурлар көп кездешет.
"Алданган жаран укук коргоо кызматтарына арыз жазгандан кийин гана кыймылдап, текшеримиш болбой, алдын алуу керек", - деди депутат.
Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш банкта Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү барын белгиледи. Айтымында, ал бөлүм банкка алданган кардарлардын арызы менен иш алып барышат.