Юрист Айсынат Сафарбек кызынын тараткан маалыматына караганда, 8-дивизиянын командиринин күнөөсү менен улуу лейтенант Ы. А. аз жерден өз өмүрүнө кол сала жаздаган.  27-октябрда башталган. Ы. А.  Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына арыз жазып кайрылган. Ал арызында аталган дивизиянын командири, подполковник Талант Эргешовдун кызмат абалынан ашыкча пайдаланганын билдирген. Ал Ы. А.ны чакырын, чогуу иштешкен Мунара Шакенованы курал-жарактарды мыйзамсыз саткан жана мыйзамсыз акча чогулткан деп айыптоого  мажбурлаган. 

 

Улуу лейтенант басымга, коркутуп - үркүтүүлөргө чыдай албай, өмүрү менен кош айтышууну туура көргөн. Мунара Шакенова аскер бөлүмүнүн ички тартибин көзөмөлгө алууга аракеттенген, ошонусу менен жетекчиликке жакпай калып, ага куру жалаа жабуу аракети көрүлгөн. 

 

Аскер прокуратурасы Шакенованын аракетинен мыйзамга каршы эч нерсе тапкан жок.