Россиянын Новосибирск облусунда эрезеге жете элек төрт бала ата - энесиз калышкан. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, балдар интернатка өткөрүлүп берилет, ошондуктан министрлик аларды биологиялык үй-бүлөсү менен бириктирүү аракетин көрүүдө. 

 

 

Маалыматка караганда, балдар башка өлкөлөрдүн аймагында ар кандай себептер менен ата - эненин камкордугусуз калышат. Эненин баладан баш тартуусунун башкы себеби, туруктуу жашаган жеринин жоктугу, жумушсуздук, катталбаган нике жана каалоодон сырт болгон кош бойлуулук болуп эсептелинет. Төрт баланын бирөөсүнүн ата - энеси абакта экени да белгилүү болгон. 

 

2011-жылдан тартып Кыргызстанга башка өлкөлөрдө ата - энесиз калган 89 бала кайтарылган. Алардын ону ушул жылы алынып келинген.