Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчетун угушууда. Ал мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан Кыргызстандан чыгарылып кеткен 300 миллион долларга жакын акча боюнча маалыматты текшерүү иштери тууралуу маалымат берди. 

 

Эске салсак, экс-президенттин уулу Максим Бакиевдин ЦАРИИде каржы кеңешчиси болгон Евгений Гуревич Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарылганын маалымдаган. 

 

Депутаттар акчаны кайтаруу менен бирге Максим Бакиевди да Лондондон экстрадациялоону башпрокурордон талап кылышты. 

 

"Башкы прокуратура Гуревич айткан куру цифраларды кайталай бербей,  АКШга барып баарын жеринен текшербейби. Кыргызстандан так канча сумма чыгарылып кеткенин эч ким билбейт, 200-300 так маалымат эмес", - деди депутат Дастан Бекешев.