Жогорку Кеңештин жыйынында Белизгейт чатагы боюнча УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов маалымат берүүдө. КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Мегакомдогу коррупциянын бары-жогуна кызыкты. 

 

"Ошондо Мегакомдо коррупция болбогон болуп калабы? Мага так ушул Мегаком чатагы боюнча абакта беш жыл отуруп чыккан Раушан Рыкунова кайрылды. Ал канча сот сатылганын, канча адамдар аралашканын айтып берди. Беш жыл отурган адам кайра отургусу келбейт, калп маалымат бербейт. Ал жерде Текебаевдин да аты аталды. Ушундай фактыларды иликтейсиңерби?" - деди депутат. 

 

Шыкмаматов дароо микрофонго жулунду: 

 

"Кесиптештер, саясий этикадан чыкпайлы. Ирина Карамушкина, сиз алдабаңыз. Рыкунова айткан фактыларда Текебаевдин ат аталган эмес. Ал Атамбаевди, коопсуздук кызматынын жооптуу адамдарын атаган", - деди. 

 

"Сиз сөзүмдү буздуңуз, экинчиден, бул менин оюм. Аны башкарууга укугуңуз жок. "Ата Мекен" силер эч нерсеге жооп бергиңер келбейт", - деди депутат айым. 

 

Ал эми Кадыркулов Рыкунова УКМКга да арыз жазганын, арызы боюнча териштирүү жүрөөрүн билдирди.