Швейцария Жалал-Абад облусунун 5800дөн ашык тургунун таза суу менен камсыз этти. Ошентип, соңку тапта Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндөгү суу менен камсыздоо түйүнү заманбап жаңыртылды.
Бул максатта узундугу 3245 метр суу түтүгү тартылды. А 500 куб метр суу сактагыч капиталддуу түрдө реконструкцияланды. 180 метр тереңдик казылып, ага заманбап насостор бекем орнотулду. Ошентип, заматта 848 үйгө таза суу тартылды. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь жана Кедей-Арык кыштактарынын тургундары эми күнү-түнү таза суу ичип эле жыргап калышты.
Айтмакчы, бул долбоор Швейцария Өкмөтүнүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жасалды. Муну бүтүндөй Швейцариянын өнүктүрүүүнү жана кызматташтыкты башкаруу уюму (SDC) каржылады. Долбоорду HELVETAS Swiss Intercooperation уюмунун филиалы жана Өнүктүрүү саясаты Институту жүзөгө ашырышты.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы