Печать
Категория: Коом
Просмотров: 179

 
Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕАЭБдин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Бул тууралуу ЖКдан билдиришти. 

 

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек – Ош жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду куруу үчүн 20 жылдык мөөнөт менен 60 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт. Насыя үстөгү – 1 пайыз, жеӊилдетилген мөөнөт – 8 жыл.

 

Белгилей кетсек, Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендерде Азербайжандын «АзВирт» компаниясы жеӊип чыккан. Ал жол курулушуна 51 млн 662 миӊ доллар сураган. Жол 36 айда курулуп бүтүүгө тийиш. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол курулушун создуктуруу айыбынын өлчөмү мурдагы 10 пайыздын ордуна 19 пайызга чейин көтөрүлдү. Курулуш жумуштары быйыл күз мезгилинен тарта башталмакчы.