Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы менен жолугушуусуна уруксат берүү маселеси аз күндө чечилет. Бул тууралуу анын адвокаты Учкун Каримов маалымат каражаттарына кабарлады.
Абактагылардын жакындары менен жолугушуусуна уруксат алуу бир катар процедураны талап кылат. Учурда Исаковдун жубайы тийиштүү кызматтарга жолдошу менен жолугушууга уруксат сураган арыз менен кайрылды. Арыз оң жагына чечилсе, айына эки жолудан көп эмес жолугушуу болуп туратю
Адвокаттын айтымында, Сапар Исаковдун акыбалы жакшы, абак шартына нааразычылыгы жок.
Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр "коррупция" беренеси менен айыпталып камакка алынган.