Москвада болгон кырсыкка себепкер болгон кыргызстандык айдоочунун иши объективдүү каралашын КР ТИМ көзөмөлгө алат. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Айнура Кулукеева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Кечээ Москвада болгон окуя – абдан өкүнүчтүү жана аянычтуу окуя болду. Өкүнүчтүүсү- Россияда дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өтүп жатканда өлкөсүнө келген коноктордун жабыркашы өтө өкүнүчтүү окуя, ошондой эле ошол окуянын күнөкөрү биздин жараныбыз экендиги биз үчүн өкүнүчтүү. Дагы кудай сактап, адамдардын аман калганы бардыгыбыз үчүн олжо болду. Аянычтуусу- үй-бүлөсүн багам деп барган бечара, 3 сутка эс албай, 20 сааттан ашык уктабай тынымсыз иштеп жүрүп бул кырсыкка кабылыпотурат. Окуя болгонуна өзү ишенбей, «эмнеге качтың? – деген суроого, «мени өлтүрүп коебу деп корктум» дегени жүрөктү оорутат. Албетте, жол кырсыгы болгону (ДТП) факт, ал жоопкерчиликти тартууга туура келет, бирок жараныбызга тагылган күнөөнүн объективдүү болушуна КР ТИМи жана элчилик болгон аракеттерин көрүшөт. Кечээ окуя болгондон бери, Москвадагы элчилгибиздин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, кармалган жарабыныбыз менен жолугушууга аракеттерди көрүп жатышат. Кармалган жараныбызга сөзсүз түрдө укуктук-консультациялык жардамдар көрсөтүлөт. Бул ишти ТИМ көзөмөлгө алып турат", - деп жазды Айнура Кулукеева.