Тогуз-Тородогу  окуядан улам андагы аким кызматтан алынды. Мындай чечимди өкмөт башчы Сапар Исаков кабыл алган.

 

Бегилей кетсек,  11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.

 

Белгилүү болгондой, нааразычылык акциясынан  Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап, райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.