Бул 2015-2017 жылдары ар жыл сайын бөлүнгөн суммадан 121 505,5 сомго көп.

 

Министрликте белгилегендей, мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылуу билим берүү системасынын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Анткени атап айтканда мектеп курагы баланын негизги өнүгүү жана жашоо образы, анын ичинде  тамак-аш түрү түзүлүүчү мезгили болуп саналат.

 

Бул иштин алкагында негизги документтер иштелип чыккан – "Мектептик тамакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары" жана “Пилоттук мектептерде мектептик тамакты өнүктүрүү программасы". Ошондой эле, Өкмөттүн чечими менен ысык тамак уюштурулган мектептерге ашпозчулардын штаты киргизилген.