Печать
Категория: Коом
Просмотров: 488

 

Бишкек шаарында онлайн интим-кызматын кыргызстандыктар жана чет өлкөлүктөр үчүн көрсөткөн веб-студия кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

  

 

Маалыматка караганда, 2-мартта Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан онлайн интим-кызматын көрсөтүүчү веб-студия ачыкка чыгарылган.

 

Студияда бир нече кыздар веб модель катары иштеп, чет өлкөлүктөргө да кызмат көрсөтүшкөн.

 

 Моделдердин иштөө принциби - видеочат аркылуу жылаңачтанып алышып, эротикалык же порнографиялык шоу  көрсөтүү болгон.

 

Кыздарга ар бирине өзүнчө бөлмө бөлүнүп, керектүү жабдыктар орнотулган. Кардарлардын  акчасы үчүн бардык тараптарын аткарышкан. Эки башка даректе жайгашкан эки батир ачыкталган, айрым маалыматтарга караганда, бул эки студияда ъч сменде 10-15 кыз иштешет жана түшкөн акчанын пайызын алышат.

 

Андан тышкары тергөө 2017-жылдын январь айында жашы жете элек кызды алдоо жолу менен чет өлкөлүктөргө онайн интим-кызмат көрсөтүүгө макулдатышканын аныктаган. Алданган кыз өз кезегинде милицияга арыз жазган.

 

 Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз жумуш издеп, жарнамадагы телефонго чалган, аны Киев көчөсүндө жайгашкан “Илбирс” имаратына сүйлөшүүгө чакырышкан. А жерден иштөө тартибин айтып беришкен. Биринчи май райондук ИИБи факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Эки башка даректе жайгашкан батирлерди тинтүү учурунда, биринен веб-сайттын уюштуруучусу М.К. аттуу 1993-жылы туулган кыз жана 1991-жылкы администратор Ж.Н.кармалган.

 

  

 

Андан тышкары батирден борбор калаадагы ар кайсы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери болгон беш кыз да батирде болушкан. Милиция барган учурда алар ар башка бөлмөдө отуруп алышып, кардарларга видеочат аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп жатышкан. Ар бир бөлмөдө эки орундуу керебеттер, веб-камерасы бар чоң монитор, компьютер жайгашкан. Тинтүүнүн жыйынтыгында батирлерден жалпысынан 10 компьютер, флеш-карталар. Сим-карталар, интимдик оюнчуктар, ар кандай түстөгү жана өчөмдөгү париктер жана презервативдер табылган.

 

 

 

Студиянын администратору жана уюштуручусу СИЗО-1ге тергөө амалдары аяктагыча эки айга камакка алынды.