Маркумду акыркы сапарга узатуу, үйлөнүү той, юбилей жана башка шаан-шөкөттөр чындап эле элибиздин көкөйүнө көк таштай тийдиби, айтор аймактарды эл бийликтин көрсөтмөсүн күтүп отурбастан эле өздөрү ашыкча ысырапкорчулукту тыюу боюнча иш чараларды өткөрүшүүдө. Алсак, Майлуу-Суу шаарында ысырапчылыкты алдын алуу боюнча мобилдик топтор түзүлүп, жамандык-жакшылыктарда ашыкча чыгымдарды жөнгө салуу боюнча иш алып барат.

 

Аталган шаардын бийлиги жергиликтүү эл менен жолугуп, сарамжалдуулукту сактоо жана ашыкча ысырапчылыкты чектөө туурасында сүйлөштү. Жыйында алдын алуу жана каршы күрөшүү үчүн мобилдик топторду түзүү сунушун кабыл алышты. Мобилдик топтор - той-топурларда, маркумду акыркы сапарга узатууда, экономикалык жана ашыкча чыгымдарды тартипке салуу жаатында иш алып барышат. Мындан сырткары суунун, убакыттын, акчанын ысырапкерчилиги тууралуу жаштарга, коомчулукка түшүндүрүү профилактикалык иш-чараларын жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

 

Ушундай эле демилге мурда өлкөбүздүн башка аймактарында да көтөрүлүп, мисалы, көлдүктөр ичкиликке “мораторий” жарыялаган болчу.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити