Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.
Анын айтымында, добуш берүүнү талаптагыдай уюштуруу максатында шайлоо бюллетендери толугу менген мыйзамда белгиленген 1 пайыз кошумчасы менен участкаларга таркатылуу үчүн даяр. Башкача айтканда, 36115 бюллетень,анын ичинде 700даанасы орус тилинде даярдалган бюллетендер алынып келинген.Аларды мыйзам чегенде 26-май күнү же шайлоо күнүнө эки күн убакыт калганда шаардагы 25 шайлоо участкаларына шайлоочулардын санына жараша таратылат.
-Ошону менен эле бирдикте 26-27-май күндөрү шайлоочулардын тизмесин аныктоочу компьютерлештирилген маалымат борборлорун ар бир шалооучасткаларына орноштурабыз.Бул маалымат борборлору 28-май күнү шайлоочулардын шайлоого мыйзамдуу катышуусун аныктап берет, -дейт Д. Жүндүбаев