Ушул жылдын 19-майында Социалдык-педогогикалык институттун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 2-3-курсунун (укук таануу жана башталгыч класстарды окутуу адистигинин) студенттери менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрайымы Махабат Бекишова жана Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Нурлан Аматов сот системасы боюнча студенттерге түшүндүрмө берип, суроолоруна жооп беришти.
Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрайымы М. Бекишова аталган окуу жайдын студенттерине кыскача Кызыл-Кыя шаардык соту жөнүндө айтып, жалпы сот системасы тууралуу кенен айтып берди. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Н. Аматов студенттерге Кыргыз Республикасынын сот реформасы боюнча кененирээк баарлашып, студенттердин сот реформасы тууралуу суроолоруна жооп берди.
Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрайымы М. Бекишова: “Биздин сотто көбүнчө каралуучу иштердин бири конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштардын алдын-алуу, же болбосо улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттерге жол бербөө үчүн, жаштардын арасында экстремисттик группалардын максаты жакшылыкка алып келбейт жана жалпы адамзаттын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп студенттерге айтып берди.
Бир саатка созулган бул жолугушууда студенттерди кызыктырган негизги суроолор укук таануу боюнча берилип, так жана фактылар менен түшүндүрмөлөр берилди.