Печать
Категория: Коом
Просмотров: 84

КР УКМК  тарабынан улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз миграция каналдарына бөгөт коюу максатында, ошондой эле курулуш тармагында ушуга окшогон мыйзамсыз иштер менен алектенген башка адамдарга  карата алдын алуу иш-чараларын өткөрүү  үчүн, андан тышкары, ЖККУнун мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча «Нелегал-2026» аттуу аймактык операциясын Кыргыз Республикасынын аймагында 2026-жылдын 1-июнунан 10-июнуна чейин өткөрүү планына ылайык, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга укугу бар курулуш аянтчаларында, тигүү цехтеринде жана башка объектилерде текшерүү жана көчмө иш-чаралар жүргүзүлдү.

Көчмө текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 2-бөлүгүнө (чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузуу) ылайык жалпы суммасы 7 млн 902 миң сомду түзгөн 922 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык 24 юридикалык жак жоопкерчиликке тартылды.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн компанияларга салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 млн 285 миң сомду түздү.