Печать
Категория: Коом
Просмотров: 70

Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.

"Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.

Кабар