ИИМ 1999-жылы кабыл алынган "Курал-жарак тууралуу" мыйзамды жаңылоону демилгелөөдө.
Документке ылайык, "ыргытма курал", "ыргытылуучу снаряд", "оюк ок атуучу курал", "тегиз стволдуу ок атуучу курал", "жаа", "арбалет" сыяктуу бир катар тактоочу түшүнүктөр киргизилмекчи.
Мындан тышкары, ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка барган кишинин курал-жарагын жана ок-дарысын алып коюуну сунуштады. Мындай чара ордердин мөөнөтү бүткүчө күчүндө болот.
Спутник