Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн адабий байланыштарынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстан менен Кытайдын башкы адабий уюмдарынын ортосунда расмий кызматташуу келишимине кол коюлду.

Бул макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн заманбап калемгерлеринин эмгектерин өз ара которуу жана биргелешкен адабий долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындан сырткары, жазуучулардын тажрыйба алмашуусу үчүн эки тараптуу атайын иш-сапарларды туруктуу негизде уюштуруу чечими кабыл алынды.

Бул тарыхый документ кыргыз-кытай маданий жана руханий алакаларын жаңы деңгээлге көтөрүп, заманбап авторлордун эл аралык майданга чыгуусуна чоң жол ачат.

    
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/378454/