Мындай чечим бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров судьянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу тийиштүү сунуштаманы киргизген.
Карыбек Дүйшеевдин кызматынан бошотулушу Конституциялык соттун судьялары үчүн мыйзамда каралган жети жылдык ыйгарым укук мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу болууда.
Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болгон. Ал сот жана мамлекеттик тутумда көп жылдык тажрыйбага ээ. Буга чейин Юстиция министрлигинде, Өкмөттүн аппаратында жана Президенттин администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Сот департаментин жетектеген. 2019-жылы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/378492/