Печать
Категория: Коом
Просмотров: 48

Депутат Бурул Аманова ата-энелердин онлайн-казинолордун ишине байланыштуу көптөгөн даттануулары келип түшкөнүн айтты. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат бир эле айылда виртуалдык казинолордон 200гө жакын жаштар жабыркаганын билдирди. 

"Бир эле айылда 200гө жакын балдар алданышкан, бизге алардын ата-энелер кайрылып жатышат", - деген депутат укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Ошондой эле депутат укук коргоо органдарын кырдаалга көңүл буруп, жарандардын кайрылуулары боюнча текшерүү жүргүзүүгө чакырды.