Депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаевге кайрылып, аталган банкта "кадрдык утечка" болуп жатканын билдирди.
"Отчетуңардан кадрлар кетип жатканын көрүүгө болот. Бул айлык акыга байланыштуу. Эгерде айлык көтөрбөсөңөр, коммерциялык банктар квалификациялуу кызматкерлерди тартып кетишет. Анан силер жаңычылык да киргизе албай, инфляция менен да күрөшө албай каласыңар. Азыр Кыргызстанда бардык тармактарда айлык көтөрүлүп жатат. Улуттук банкта да көтөрүлүшү керек", - деди депутат.