Спикер Марлен Маматалиев "кат - 75" боюнча өзүнүн версиясын айтты.
Айтымында, катты парламентте чынында эле күтүшкөн. Аны алып келишкен, бирок башында туура эмес адресат менен катталган. Аны кайра кайтарышкан, телефон аркылуу сүйлөшүшкөн, анан оңдоп, кайра алып келишкен. Кийинки алып келингенден кийин катты бир канча убакыт каттоого алышкан эмес. Андан кийин гана ошол учурдагы спикер Нурланбек Шакиевдин атына каттоо боюнча буйрук келген.
Андан соң катты спикердин кабылдамасына жөнөтүшүп, анын жардамчылары жана кеңешчилери алышкан. Андан соң профилдик комитеттин төрагасынын орун басары аркылуу документ андан ары жөнөтүлгөн.
Маматалиев мындай татаал процессти "кийин мен катты көргөн жокмун деп айтуу үчүн жасашты окшойт же өзүнөн жоопкерчиликти алуу үчүн" деп түшүндүрдү.
"Сценарий боюнча кат комитетке дароо барышы керек эле, бирок канча бир убакыт жолдо жүргөн, андан кийин гана комитетке берилген", - деди ал.