Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

Депутат Исманали Жороев "кат - 75ке" тиешеси бар депутаттар депутат болуп калууга моралдык акысы жок деп эсептейт. 

Ал бул тууралуу парламенттин жыйынында билдирди. 

Ал бүгүнкү жыйында аталган кат кимге жана спикердин кайсы орун басарлары аркылуу ЖКга жеткени айкын болгонун белгилеп, буга тиешеси бар адамдардын депутат бойдон калууга моралдык укугу жоктугун эске салды. 

Ошондой эле башка депутаттардын бул боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун колдоду. 

Айтымында, парламенттик шайлоонун кийинки күнү Аксыдагы мурдагы спикердин үйүндө жыйын болгонун угушканын, анда ким кайсы комитетти жетектейт, ким кайсы кызматка дайындалат, ким вице-спикер болот - баары чечилгенин билдирди. Ал комиссия ушул маселелерди да иликтеши керектигин кошумчалады.