Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку 239 упай топтогон Айдай Абылаева менен телефон аркылуу байланышып, жетишкендиги менен куттуктады.
Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Айдай Абылаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Н.Жундубаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү болуп саналат. Министр ага окуусунда жана келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган билимдүү жаштардын катары көбөйө беришине тилектештигин билдирди.