Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адилет Ибраев коомдук транспортто жол акыны толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүүгө каршы чыкты.

Айтымында, мындай чара Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келиши мүмкүн.

"Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги - сом. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзам да сом өлкөнүн бардык аймагында жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналаары жана бардык төлөмдөр боюнча чектөөсүз кабыл алынышы милдеттүү экендигин бекемдейт. Конституцияда мыйзам алдындагы актылар менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө тыюу салынган. Ошондой эле мүлктүк абалына жана башка белгилери боюнча дискриминациялоого жол берилбестиги жөнүндө ченемдер камтылган", - деди шаардык депутат. 

Ибраев нак акча төлөө мүмкүнчүлүгүн сактап калууну, контролёрлор институтун өнүктүрүүнү жана компостерлүү кагаз билеттер системасын киргизүүнү сунуштады. Айтымында, жол акыны контролдоо толугу менен коомдук транспорттун айдоочуларына жүктөлбөшү керек.