Бул тууралуу "Ылтымак ордо" кабарлады.

Станциянын кубаттуулугу 175 мегаваттты түзүп, жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө. Долбоорду вьетнамдык "ROX Group" компаниясы ишке ашырган. Объектинин биринчи этабынын инвестициялык көлөмү 131 миллион доллар.

Жапаров күн станциясынын жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болорун, бардык этаптарын ишке ашырууга 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу каралгандыгын белгиледи. Ошондой эле биринчи этаптагы долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргызстандык тартылган. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин 150дөй жумуш орду түзүлүп, негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт.

"Бул долбоор социалдык мааниге дагы ээ. "ROX Group" компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын бир пайызын Тору-Айгыр — Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот. Айрыкча суу азайып бараткан маалда күн энергетикасынын өнүгүшү энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү фактору болуп калары турган иш", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү станцияны ишке киргизилгенин билдирди. Күн электр станциясы толугу менен ишке киргизилсе жылына 3,9 миллиард куб метрге чейин суу үнөмдөлөрүн белгиледи.

Ошондой эле жашыл энергетика багытында иштер уланарын, бул Кыргызстандагы экинчи күн электр станциясы экенин кошумчалады.

Айта кетсек, биринчиси Кемин шаарында ишке киргизилген.

Sputnik