Бул жуманын дээрлик бардык күндөрүндө көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анткен менен абанын температурасы +34... +37 градуска чейин ысыйт.
14-17-июнь аралыганда абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди. Ошондой эле бул күндөрү шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаары
Бишкекте апта ичинде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй, күндүз бардык күндөрдө өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз +34...+37 градусту түзөт.
Чүй жана Талас облустары
15-16-17-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 18-19-июнда да күндүз күн күркүрөп, өткүн өтөт. Апта соңунда да түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганы айтылды. Аптанын ортосунда да ушундай аба ырайы болжолдонууда. 20-21-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-16-17-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн, башка күндөрү 4-9 метрди түзөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Аталган облустарда 15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы апта соңуна чейин уланат.