«Air Arabia» авиакомпаниясы Бишкек жана Ош шаарларына үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну кайрадан баштайт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын жумушчу жолугушуусунда макулдашылды.
Шарджа — Ош — Шарджа багыты боюнча каттамдарды 2026-жылдын 22-июнунан тартып, ал эми Шарджа — Бишкек — Шарджа багытын 2026-жылдын 3-июлунан тартып кайра баштоо пландалууда.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан белгилешкендей, авиакаттамдардын кайрадан жолго коюлушу Кыргызстандын транспорттук жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташтыкты чыңдоого жана эки өлкөнүн туристтери, ишкерлери өнөктөштөрү, ошондой эле жарандары үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле тараптар эки өлкө ортосундагы авиациялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Сөз маршруттук тармакты кеңейтүү, жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү, туристтик, ишкердик жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү тууралуу болду.
Авиакаттамдар 2026-жылдын мартында АКШ, Израил жана Иран ортосундагы жаңжал башталгандан кийин убактылуу токтотулган болчу.
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/377499/