Печать
Категория: Коом
Просмотров: 52

Жаңы жашыл аймактардын жалпы аянты 2,57 гектарды түздү.

Мэриядан билдиришкендей, буга чейин бул аймактар кароосуз абалда болгон. Көрктөндүрүү иштеринен кийин алар оштуктардын эс алуусу үчүн заманбап коомдук мейкиндиктерге айлантылды.

Жаңы скверлерде тротуарлар оңдолуп, жарыктандыруу, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Айрым тилкелерде көп батирлүү үйлөрдүн фасаддары сырдалды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери улантылат: дагы он сквер түзүү чечими кабыл алынды.

    
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/377490/