Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, өзгөргөн баа 8-июндан тарта колдонулууда.
Жаңы тариф боюнча, чоңдор үчүн билеттин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысы 150 сомдон 180 сомго жогорулады. 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калды.
Ошондой эле электромобиль менен парктын аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин көбөйдү.
Соцтармакта эл баанын жогорулашына түшүндүрмө берүүнү жана кыргызстандыктар үчүн өзүнчө тариф киргизүүнү сунушташууда.
Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып киргизилген. Ошол учурда төлөм системасы өзгөртүлүп, автоунаа үчүн эмес, ар бир кирген киши үчүн өзүнчө төлөм алына турган болгон. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын паркка киришине тыюу салынып, электромобилдерге гана уруксат берилген.
Sputnik