Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт.
"Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Sputnik