Печать
Категория: Коом
Просмотров: 499

Мамлекеттик салык кызматынын системасында туруктуу коррупциялык схеманын түзүлгөндүгү жөнүндө

2025-жылдын 8- жана 10-декабрында КР УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.М. жана Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын дагы бир мурдагы башчысы У.С. кармалды. 

УКМК билдиргендей, алар Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен кылмыштуу кутумга кирип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чарба жүргүзүүчү субъектилерден акча каражаттарын опузалап алууга шектелишүүдө. 

М.А. жана С.У. ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуу жана өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болушкан.

Кармалган адамдар КР УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.