Ысык-Көл облусунун Түп районунда кар жаап, бороон болгон. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кар күрткү пайда болуп, райондун Токтоян —Чоң-Тогузбай — Михайловка унаа жолунда 8 унаа карга тыгылып калган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев башында турган ыкчам топ тартылып, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте 8 унаа кар күрткүдөн чыгарылган. Ичиндеги жарандардын абалы туруктуу.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан инженердик техникалар тартылып, жолду тазалоо иши жүрүүдө.

Булак: 7tv.kg