Тышкы иштер министрлиги өлүм жазасын киргизүү демилгеси тууралуу түшүндүрмө берип, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келгенин белгиледи.

Ведомствонун маалыматына ылайык, акыркы учурларда балдарды жана аялдарды оор жагдайларда өлтүрүү учурларынын көбөйүшү бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды.

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылмыштарынын көбөйүшүнө тынчсызданган мамлекет башчысы караколдук 17 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алып, өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына балдарды зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын киргизүүнү караган мыйзамдык түзөтүүлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырган.

13-октябрдан 28-октябрга чейин “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору жана “Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 52 “1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи факультативдик протоколуна Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамдын долбоору коомдук талкуу жол-жобосунан өттү. коомдук талкуунун жыйынтыгында көпчүлүк катышуучулар өлүм жазасын киргизүүгө каршы чыкты.

2-декабрда президент Садыр Жапаров “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун расмий корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко жөнөткөн.

Күн мурун Конституциялык сот Конституциялык жана эл аралык-укуктук аргументтердин жыйындысынын негизинде, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, эми “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана бул демилгени ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргызстан катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана мында денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички мыйзамдарга өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келмек, жана бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт.

Кыргызстан укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет. Ошол эле учурда, бул милдеттенмелердин алкагында балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер улантылат.

Булак: Кабар