Печать
Категория: Коом
Просмотров: 486

Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 40 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik агенттигине билдирди.

Адистин айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.

Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганын белгиледи.

МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:

"Мурас" турай жай комплекси — 2 280 батир;

Волков менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй — 1 320 батир;

"Ынтымак" турак жай комплекси — 918 батир;

Тынчтык проспекти менен Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;

Кара-жыгач конушундагы Бегматов көчөсүн жайгашкан объект — 105 батир;

Чыңгыз Айтматов проспекти, 104 дарегиндеги турак жай — 665 батир;

Лев Толстой көчөсү, 120 дарегиндеги объект — 280 батир.

Булак: sputnik.kg